Рамазан айында дүйнө жүзү боюнча 2 миллиарддан ашык мусулмандардын орозо кармоо убактысы жайгашкан жерине жараша 12ден 15 саатка чейин созулат.
Түндүк жарым шарда жашаган мусулмандар үчүн быйылкы орозо кармоо мөөнөтү өткөн жылга караганда бир аз кыскараак болот жана 2031-жылга чейин акырындык менен кыскара берет. 2031-жылы эң кыска орозо кармоо мөөнөтү Түндүк жарым шарда, ал эми эң узакы Түштүк жарым шарда болот.
Быйылкы Рамазан айында кыш мезгилин башынан кечирип жаткан түндүк жарым шарда орозо кармоо убактысы болжол менен 12-13 саатты түзөт жана бул убакыт ай өткөн сайын акырындык менен көбөйөт.
Чили, Жаңы Зеландия жана Түштүк Африка сыяктуу түштүк жарым шар өлкөлөрүндө орозо кармоо биринчи күнү 14-15 саатка чейин созулат, бирок андан кийин ай бою кыскарат деп күтүлүүдө.
Борбор шаарлардын жана Сауд Арабиясында жайгашкан Дүйнөлүк Ислам Лигасынын маалыматтарынын негизинде жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, Рамазан айынын биринчи күнүндөгү орозо кармоо убактысы төмөнкүдөй эсептелет:
- Түркияда 12 саат 23 мүнөт,
- Сауд Арабиясында 12 саат 42 мүнөт,
- АКШда 12 саат 25 мүнөт,
- Улуу Британияда 12 саат 8 мүнөт,
- Финляндияда 11 саат 53 мүнөт,
- Пакистанда 12 саат 30 мүнөт,
- Японияда 12 саат 27 мүнөт,
- Испанияда 12 саат 23 мүнөт,
- Индонезияда 13 саат 28 мүнөт,
- Бразилияда 13 саат 47 мүнөт
- Түштүк Африкада 14 саат 13 мүнөт.
Эсептөөлөргө ылайык, эң узак орозо кармоо мөөнөтү Исландиянын Рейкьявик шаарында жана Гренландиянын Нуук шаарында Рамазан айынын акыркы күнүндө 15 саат 3 мүнөт болот деп күтүлүүдө.
Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарында Рамазан айынын башында эң узак орозо кармоо мөөнөтү 15 саат 22 мүнөт болгон, бул мөөнөт дээрлик 2 саатка кыскарып, 13 саат 46 мүнөткө жетет.


