15:48
USD 87.45
EUR 103.46
RUB 1.14

Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырууну жарыялады

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатын тапшырып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жазды.

Жогорку Кеңеш
Фото Жогорку Кеңеш

Ал кайрылуусунда акыркы күндөрү саясий айдыңда жеке анын дарегине ар кандай туура эмес, такталбаган маалыматтар тарап жатканын айткан.

«Мен эч бир интригаларга, айрыкча, 75 ардагердин кайрылуусуна да, кол топтоосуна да такыр аралашкан эмесмин! Коомдо терс пикир жараткан кат Түркияга сапар тартып жаткан чагымда ММКларга жарыяланды. Тагыраагы, мен ошондо билдим. Жооп берүүгө убакыт жетпеди.

Ыйык Орозо айында мусулман бир боорлор так эмес маалыматтарды таратып, бири-бирибизге кыйбат кылбашыбыз керек. Ачыгын айтсам, акыркы мезгилдерде ден соолугум жакшы болбой, дары-дармек менен жүрдүм. Муну мени жакындан билгендер жана чогуу иштешкендердин баары эле билишет. Ошол үчүн мындан ары саясаттан оолак болуп, саламаттыгымды карап, жеке жумуштарым менен алек болуу максатында депутаттык мандатты тапшырууну чечтим. Мага чоң ишеним менен добуш берген шайлоочуларыма ыраазычылык билдирүү менен мөөнөтүмөн эрте депутаттыктан кетип жатканым үчүн кечирим сурайм», - деген ал.

Эң көп окулган жаңылыктар