Бүгүн, 18-февралда Суусамырда кар көчкү алдында калган 59 жаштагы чабандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар күчөтүлгөн тартипте жүргүзгөн издөө иштеринин натыйжасында маркумдун денеси кар алдынан чыгарылды. Издөө иштерине жалпысынан 70 адам тартылган.


