23:05
USD 87.45
EUR 103.46
RUB 1.14

Пайдалуу кеңеш: Орозонун артыкчылыгы

Орозо — бул, Алла Тааланын буйругун аткарып, Анын ыраазылыгын табуу үчүн таң аткандан күн батканга чейин жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болуу аркылуу аткарылган ибадат.

Аз тамактануунун, айрыкча, ач болуп, орозо кармоонун кайталангыс он пайдасы бар:

1) Ачка жүргөндө жүрөк бейпил, зээн курч абалда болуп, ал эми ток жүргөндө наадандык жана унутчаактык күч алат.

2) Ач жүргөндө жүрөк ийге келип жумшак болот да, дуба — ибадаттары ырахаттануу менен орундоого болот. Ал эми ток кезде жүрөк катуу болуп, ибадаттардан эч кандай ырахат алынбайт.

3) Ач жүргөн кезде жан дүйнө сергип, адам кичи пейил болсо, ал эми ток жүргөндө текеберлик, бой көтөрүүчүлүк, мактанчаактык сыяктуу жаман сапаттар күч алат.

4) Ач жүргөндө күнүмдүк нанына жетпеген кедей — кембагалдар, жарды — жалчылар жетим — жесирлер эске түшөт. Ток кезде булардын эч бири эске келбейт.

5) Ачка кезде кумарлануу, дүүлүгүү сыяктуу напсилик сезимдер дээрлик жоголот. Ал эми ток жүргөндө «нафсу аммара» — деген, адамды дайыма жамандыкка жетелеген напси күчкө толот.

6) Ач жүргөн кезде дене — мүчө чыйрак, сергек абалда болот. Ток кезде адамга уйку, ыкшоолук, жалкоолук сыяктуу сезимдер үстөмдүк кылат.

7) Ачка жүргөндө ибадаттарды аткаруу жеңил. Ал эми ток кезде жалкоолук күч алып, ибадаттарды аткаруу оор болот.

8) Аз — аздан тамактанып жүргөн кезде ден — соолук чын болсо, ашыкча тоюуп жүргөндө ден — соолук акырындык менен алсырап, ар кандай ооруларга чалдыгат.

9) Ачка жүргөндө адам өзүн жеңил сезсе, ток кезде ыкшоо тартып өзүн оор сезип калат.

10) Ач жургөн кезде кайыр — садака берүү, кызмат кылуу абдан жеңил. Бул жакшылыктар кыямат күндүн болуп көрбөгөндөй мээ кайнаткан ысык аптабында салкын көлөкө алдында болууга себепкер болот. Ал эми ток жүргөндө сараңдык, ысырапчылык сыяктуу жат сапаттар күч алат. Бул сапаттар адамды чоң жоготууга учурата тургандыгы бышык.

Демек, ток жүрүү напсинин миң түркүн азгырык — каалоолорун жандандырса, ал эми ашыкча ачкалыктан алыс болуу менен бирге ач жүрүү адамдын ден — соолугун чындап, акылын тунук абалда сактайт.

Эң көп окулган жаңылыктар