17:44
USD 87.45
EUR 103.76
RUB 1.14

УКМК төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Тимур Шабданбеков улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Шабданбеков Тимур Маратович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Президенттин дагы бир тескемеге ылайык, Намазов Акылбек Закирович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар