20:05
USD 87.45
EUR 103.55
RUB 1.14

БШК депутат Элдар Сулаймановду мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановду мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратты. Бул чечим бүгүн, 17-февралдагы жыйында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, депутаттын ыйгарым укуктары анын өзү берген жеке арызынын негизинде токтотулду. Мындан тышкары, Элдар Сулаймановго берилген депутаттык ырастама жараксыз деп таанылды.

Элдар Сулайманов мурдагы транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулаймановдун уулу. Ал 1985-жылы 3-июлда туулган. «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү катары VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ал Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына № 5 Аксы көп мандаттуу шайлоо округунан (Жалал-Абад облусу) шайланган.

Элдар Сулаймановдун аты ушул жылдын январь айында мурдагы аялынын үй-бүлөлүк зомбулук боюнча айыптоолоруна байланыштуу маалымат каражаттарында жана соцтармакта талкууланган. Асел Азаматова социалдык тармакта мурунку күйөөсүнүн колунан кайталанган зомбулук болгонун айткан. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тергөө жүрүп жатканын билдирген. Элдар Сулайманов өзү айыптоолор бир тараптуу жана юридикалык жактан кайра карап чыгууну талап кылаарын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар