13:27
USD 87.45
EUR 103.76
RUB 1.14

Ата Мекенди коргоо күнү: Бишкекте чоң концерт өтөт

22-февралда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Ата Мекенди коргоо күнүнө карата чоң майрамдык концерт өтөт. Президенттин колдоосу менен өтүүчү бул салтанат шаардын эң ири кышкы сезонундагы иш-чараларынын бири болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Концертке Кыргызстан жана Россиянын эстрада жылдыздары, атап айтканда Филипп Киркоров, Zivert, Tasso, Мирбек Атабеков, Николай Басков, Слава, Стас Михайлов, Жылдыз Осмоналиева, Омар, Гүлзада Рыскулова, Игорь Воронцов жана Аксай катышат.

Уюштуруучулар ата мекендик аткаруучулардын катышуусу иш-чарага өзгөчө биримдик жана улуттук колорит тартуулай турганын белгилешет.

Иш-чаранын алкагында 10 даана CHANGAN үлгүсүндөгү унаа, 10 даана iPhone 17 Pro смартфону жана 10 даана iPad планшети ойнотулат.

Катышуу шарттары концерт учурунда жарыяланат.

Концерт саат 17:00дө башталып, ачык асман алдында өтөт. Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн кирүү акысыз.

Уюштуруучулар баарын өлкөнүн башкы аянтында музыкалык кечеден, майрамдан жана жаркын эмоциялардан ырахат алууга чакырышат.

Эң көп окулган жаңылыктар