Бишкек шаарында «Акжолтой менен Майра эне, Ак булак менен дайра эле» аттуу республикалык жаш төкмө акындардын айтышы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук «Манас» театры маалымдады.
Иш-чара 17-февралда саат 15:00дө улуттук «Манас» театрында орун алат. Кирүү акысыз.
Мекеме каалоочуларды айтыш көрүүгө чакырды.


