14:48
USD 87.45
EUR 103.76
RUB 1.14

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны азайды

Кыргызстанда 9-февралдан 15-февралга чейинки жумада курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооруган 10 576 учур катталган. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 24-kg.com маалымат агенттигине билдирди.

Адистердин айтымында, оорунун көрсөткүчү мурунку жумага салыштырмалуу 14,7 пайызга төмөндөгөн.

Ооругандардын 70 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында катуу кармаган респиратордук инфекциялар жана сасык тумоо сыяктуу оорулар боюнча күзөттүк көзөмөл уланууда.

Дарыгерлер жарандарды алдын алуу чараларын сактоого, эл көп топтолгон жерлерден алыс болууга жана өз алдынча дарылануудан алыс болууга чакырышат.

Эң көп окулган жаңылыктар