11:57
USD 87.45
EUR 103.90
RUB 1.13

Президент Садыр Жапаров акыркы кадрдык чечимдер боюнча комментарий берди

Коомчулукта азыркы эң көп талкуу жараткан маселелердин бири — Минкаб төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин отставкасы жана андан кийинки кадрдык, УКМКнын түзүмдүк өзгөрүүлөрү айланасында жүрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек берип, анда акыркы окуяларга токтолду.

— Көпчүлүк үчүн УКМК төрагасын кызматтан алган чечимиңиз күтүүсүз болду. Ал чечимиңизди басма сөз катчыңыз Камчыбек Ташиевдин атын жамынгандар коомчулукта бөлүнүп жарылууну көздөгөн дегендей кыскача эле түшүндүрдү.

Буга «75 адамдын каты» себеп болгондой. Айтсаңыз, коомдо айтылып жаткан «75 адамдын сырдуу катынын» артында кимдер турат, алардын негизги максаты эмне?

— Комментарий бербей эле коёюн дедим эле эми сурап калдың айтып берейин.

Биринчиден мага көпчүлүк эл мамлекеттин, жалпы элдин тагдырын ишенип, 2021-жылы мени президент кылып шайлады. Баш мыйзамда президент мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин жана мамлекеттик кызматкерлердин биримдигин сактайт деп милдеттендирип турат. Мен ошол милдетимди так аткардым.

Анткени мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы, мансаптан да, достуктан да жогору турат.

Иштин баары Жогорку Кеңештен башталды. Айрым депутаттык топтор депутаттарды чакырып алып, «биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы» деп депутаттарды бөлүп баштады. «Ай бул тарабың ким дагы, тиги тарабың ким» деп сураган депутаттарга: «бул тарап генерал тарап деп погонду көрсөтүп, тиги тарап президент тарап» деп иш жүргүзө башташты.

Андан кийин бул бөлүп-жаруу көчөдөгү «ак сакалдарга» өттү.

Алар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрө салалы деп кол чогултуп, «жогорку жак менен макулдашылган», Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяламай болду дешип элдин башын айланта башташты.

Анан эгер мен тез арада ушундай чечкиндүү кадамдарга барбасам жөнөкөй элге тарап, эл дагы экиге бөлүнө баштайт эле. Анткени депутаттарды, айрым мамлекеттик кызматкерлерди генерал менен коркутуп аткан фактылар бар эле менде. «Эгер биз тарапка өтпөсөң сен генерал менен будешь иметь дело» деп. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алууга туура келди.

Чечим кабыл алаар алдында досума телефон чалып, бул жакта болуп жаткан абалды түшүндүрүп, кызматтан алып жатканымды билдирип анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм.

Себеби айлана-тегерегинде жүргөн «ак сакалдар дейбизби, көк сакалдар» дейбизби айтор досумду жолдон адаштырып бара жатышкан.

Алар Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, «Генерал тарапка өткүлө» деп парламент депутаттарынан тарта, жооптуу мамлекеттик кызматтагы адамдарга, коомдо аттуу-баштуу делген адамдарга чейин чыга башташкан.

Камчыбек Ташиевди кызматтан албасам жогорудагы багытта иш алып баргандардын аракетинин аркасында бул сөздөр дагы да күчөп, мамлекеттик түзүмдө иштегендер арасында, коомчулукта ажырым пайда болуп, ал турсун тирешүүлөргө дагы алып келмек. Ошол үчүн досумду кызматтан алууга туура келди. Мамлекеттеги стабилдүүлүк мен үчүн баарынан жогору.

— Коомчулукта «Жапаровдун командасы», «Ташиевдин командасы» деген түшүнүктөр айтылып жүрөт. Бул пикирлерге кандай жооп бересиз?

— Кадрдык дайындоолордо эч кандай бөлүнүү жок. Ар бир дайындоо кылдат текшерүүдөн өтөт. Мен мурда Камчыбек Ташиев мырзанын алдында да, министрликтердин, башкармалыктардын жетекчилеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, губернаторлордун алдында да, мамлекетке иштей турган, принципиалдуу, кесипкөй кадрларды сунуштагыла деген талап коём жана азыр деле ошондой талап коюп келе жатам. Алар ошол критерийлерге ылайык сунуш кылышат.

Ошондуктан «Жапаровдун командасы» же «Ташиевдин командасы» деген бөлүнүү жок.

— Буга чейин шайлоого байланыштуу Ташиев мырза менен «бир мөөнөт өзү, бир мөөнөт жакын досу отурат» деген макулдашуу болгон деген сөздөр айтылууда. Бул маалымат канчалык чындыкка дал келет?

— Кыргызстан — демократиялык өлкө. Өлкөнү ким башкарарын бир ууч адам эмес, Кыргызстандын эли чечет.

Конституцияга ылайык, ар бир жаран шайлоого катышууга укуктуу, ал эми кимге эл ишеним артса, эл арасында кимдин рейтинги жогору болсо, ошол президент болуп шайланат.

Ошондуктан «бир мөөнөт тигил, бир мөөнөт бул» деген сыяктуу сөздөр демократиялык принциптерге туура келбейт жана саясий маданиятка да жатпайт. Мындай пикирлер элдин тандоо укугун жокко чыгарууга аракет катары кабыл алынат.

— Конституциялык сотко кайрылууга эмне себеп болду, негизги максаты эмнеде?

— Мен ар дайым коомдо жаралган күмөн саноолорго жана талаштуу маселелерге мыйзамдуу, так жооп болушу керек деп эсептейм. Бүгүн Кыргызстанда Конституциялык сот бар, дал ушул орган Конституцияга байланыштуу бардык талкууларга, ар кандай чечмелөөлөргө акыркы, так аныктамасын, укуктук баасын бере алат. Ошондуктан бул маселе боюнча Конституциялык сотко кайрылганыбыз укуктук жактан туура жана логикалуу кадам деп эсептейм.

— Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан айтылган сын-пикирлерди ошол эле «75 адамдын кайрылуусу» менен бир кампания деп байланыштырса болобу?

— Учурда тиешелүү органдар тарабынан тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Дал ушул тергөө силер айткан демилгенин канчалык масштабда болгонун, канча адам катышканын так көрсөтүп берет. Балким катышуучулардын саны азыр айтылып жатканынан да көп болушу мүмкүн, бирок мен так жоопту тергөөнүн жыйынтыгын күтүп туруп айтам.

— Жогорку Кеңештин төрагасы өз каалоосу менен кызматын тапшырып берди. Анын бул кадамы акыркы окуяларга, 75 адамдын катына кандайдыр бир байланышы барбы?

— Түздөн-түз тиешеси бар деп айткандан алысмын. Балким ошолордун же аларды уюштургандардын жетегине кирип кеткендир. Балким ошол катасын сезип, депутаттардын өз ара бөлүнө башташына жол бергенине өзүн айыптуу сезип ушундай жыйынтык чыгаргандыр.

— Учурда УКМКны реформалоо маселеси коомдук талкууда. Кандай реформалар күтүлүүдө? Айрымдар айткандай атайын кызмат чалгындоо жана контрчалгындоо функцияларына гана өтүп, мурунку классикалык багытына кайтабы?

— УКМК өзүнө жүктөлгөн миссияны толук аткарды. Айрым багыттарда аны ашыгы менен да аткарды десек болот. Бирок мамлекет деген тирүү организм, ал дайыма өсүп, өзгөрүп турушу керек. Кечээ улуттук коопсуздук алдында башка чакырыктар турса, бүгүн таптакыр башка чакырыктар турат.

Ушул реалдуулуктарды эске алуу менен УКМКда сапаттуу, заманбап коркунучтарга жана глобалдык өзгөрүүлөргө жооп бере турган реформа жүргүзүлөт. Дүйнө өзгөрүп жатат, ошого жараша биздин мамлекеттик институттар да алдыга жылып, жаңыланып турушу зарыл.

— Социалдык тармактарда коррупцияга жана криминалга каршы күрөш учурунда атайын кызматтын айрым өкүлдөрү жеке кызыкчылыктарын көздөп, Ташиевдин атына таянып мыйзамсыз аракеттерге барган деген дооматтар айтылууда. Бул фактылар иликтенеби? Натыйжада кандай чечимдер кабыл алынат же «жакшы иштер көп» деген жүйө менен көз жумуу болобу?

— Бизде ким болбо мыйзамсыз аракеттерге баргандарды калкалоо деген түшүнүк жок. Мамлекет элге кызмат кылууда мыйзамды баарынан жогору коёт. Бул принцип биздин деле жакын туугандарыбызга, жакындарыбызга иштеген учурлар болгон. Ага өзүңүздөр күбө болгонсуздар.

Мыйзам ар дайым иштеп келген жана мындан ары да иштей берет. Эч бир мамлекеттик кызматкерге мыйзам бузууга же жеке кызыкчылык үчүн кандайдыр бир аракеттерге барууга уруксат берилген эмес.

Эгер атайын кызматтын же башка мамлекеттик органдын айрым өкүлдөрү мыйзам чегинен чыгып, өз ыйгарым укуктарынан аша чапкан фактылар аныкталса, алар сөзсүз түрдө иликтенет жана жоопкерчиликке тартылат. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз.

— Эл оозунда сизди жана Камчыбек Ташиевди «эки дос» деп коёору жашыруун эмес. Эми сиздердин достук ушул акыркы чечимдериңиз менен аягына чыктыбы?

— Достугубуз кала берет. Камчыбек Кыдыршаевичти кызматтан аларда ал менен байланышып, кыраалды түшүндүрүп, анан чечим кабыл алдым. Жогоруда айтканымдай менин чечимим мамлекетибиздин, элибиздин тынчтыгы, биримдиги үчүн кабыл алынды.

Биздин достугубузду кайсыл бир кызматка же кандайдыр бир кызыкчылыкка байлоо туура эмес.

— Акыркы суроо. Коррупция жана криминал менен күрөшүү улана береби? Токтоп калбайбы?

— Эч качан токтобойт. Коррупция жана криминал менен күрөш 24 саат бою жүрүп турат. Мен дайыма бул эки маселе боюнча талапты катуу коюп келгем жана мындан ары дагы катуу карайм бул эки маселеге. Муну бардык мамлекеттик кызматкерлер жакшы билишет. Биздин өлкөдө криминал жана коррупция жок болууга тийиш.

Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

Эң көп окулган жаңылыктар