18:03
USD 87.45
EUR 103.90
RUB 1.13

Өтмөк ашуусунда чектөө алынды: Жолдо каттам бар

Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда саат 12:30дан тартып оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам ашууда саат 13:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген. Учурда каттам бар, жолдор ачык.

Тазалоо иштери «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасына караштуу № 36 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жүргүзүлүүдө.

Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.

«Кыргызавтожол» ишканасы кышкы жол шарттарын эске алып, унааңызды кышка ылайык даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар