02:56
USD 87.45
EUR 103.90
RUB 1.13

Эскирген түтүктөр иштен чыкты: Бишкектин 7-апрель көчөсүндөгү авария оңдолууда

Бишкектеги 7-Апрель көчөсүндө Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде жылуулук тармагында аварияны «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, авария түтүктөр эскиргендиктен келип чыккан. Мында жылуулук түтүктөрү 1974-1986-жылдары курулган. Оңдоо иштеринин жүрүшүндө шаардын түштүк бөлүгүндө жылуулук энергиясын берүү убактылуу чектелиши мүмкүн экендиги айтылды.

Ишкана авврияны тез арада бүтүрүү жана туруктуу жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат. Оңдоо иштеринин аяктоо мөөнөтү кийинчерээк жарыяланат.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү толугу менен коюу бууга чөмүлүп калган. Анын себеби ысык суу түтүгүнүн жарылып кетиши болгон. Окуянын видеосу социалдык тармактарда жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар