20:50
USD 87.45
EUR 103.90
RUB 1.13

Бишкекте тез жардам дарыгерлеринин жетишсиздиги дээрлик үч эсеге азайды

Бишкектеги тез жардам дарыгерлеринин жетишсиздиги дээрлик үч эсеге азайды. Бул айлык акы көтөрүлгөндөн кийин ишке ашкандыгын шаардын Тез жардам борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов журналисттерге билдирди.

Ал 2025-жылы президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларындагы тез жардам кызматкерлеринин, ошондой эле алыскы аймактарда иштеген хирургдардын, педиатрлардын жана адистердин айлык акысы көбөйтүлгөнүн эске салды.

«Мурда бизде талап кылынган 210 дарыгердин 98и бош болсо, айлык акы 20 миң сомго көтөрүлгөндөн кийин бул сан 32ге чейин төмөндөдү. Дарыгерлердин жетишсиздиги бир топ азайды», — деди Искендер Шаяхметов.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын 25-декабрында өлкө президенти Элдик курултайда мугалимдердин жана медициналык кызматкерлердин айлык акысы 1-апрелден тартып көтөрүлөрүн жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар