16:06
USD 87.45
EUR 104.23
RUB 1.13

Бүгүн Дачный айылында суу өчүрүлөт

Бишкек мэриясы
Фото Бишкек мэриясы

Бүгүн, 12-февралда Бишкек шаарындагы Дачный айылында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, «Дачный» суу кампасында авариялык-оңдоо иштери жүргүзүлүшүнө байланыштуу суу саат 10:00дөн 16:00гө чейин берилбейт. Бул аралыкта турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле социалдык жана өнөр жай объектилерине суу токтотулат.

«Бишкексууканал» ишканасы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундарды жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар