19:08
USD 87.45
EUR 104.23
RUB 1.13

Президент эки министрге катуу сөгүш берди

Бир катар аткаминерлерге өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн катуу сөгүш жана эскертүү берилди. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.

Президенттин жарлыгына ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевге катуу сөгүш жарыяланды.

24-kg.com
Фото 24-kg.com. Таалайбек Ибраев

Ошондой эле Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабировго катуу сөгүш берилди.

Мындан тышкары, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Кадыралиевге эскертүү берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар