11:43
USD 87.45
EUR 104.14
RUB 1.13

Ашууда кар: Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

Бүгүн, 11-февралда саат 09:00гө карата республиканын негизги ашууларында кар жаап жатат. Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда саат 03:40 дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда кар жаап жатат, тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда жана Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап, жолдо каттам бар.

Эң көп окулган жаңылыктар