20:55
USD 87.45
EUR 103.45
RUB 1.14

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Улуттук кураманын параддык формага сынак жарыяланды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш парадына катышуучулардын параддык экипировкасынын дизайнын аныктоого сынак жарыяланды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Сынактын максаты жана милдеттери

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш парадына катышуучулар үчүн улуттук оймо-чиймелер колдонулган, өзгөчө оригиналдуулугу менен айырмаланган, ыңгайлуу жана эстетикалык талаптарга жооп берген, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бекитилген Бренд-бугуна ылайык келген мыкты параддык экипировка дизайнын аныктоо.

Сынактын уюштуруучулары

Сынак Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлөт.

Экипировкага коюлган талаптар

Конкурстун талаптарына ылайык, параддык экипировканын дизайны төмөнкү элементтерди камтышы керек: баш кийим, үстүңкү кийим, эркектер үчүн шым, кыз-келиндер үчүн көйнөк.

Экипировка сөзсүз түрдө улуттук стилде, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын атрибутикасы менен кооздолуп, спортчулар, машыктыруучулар жана калыстар үчүн заманбап эстетикалык талаптарга жооп бериши зарыл.

Конкурска катышуучу дизайн автору болушу керек. Иштер электрондук форматта, кагаз жүзүндө, ошондой эле материалдан тигилген кийим үлгүсү (модель) түрүндө кабыл алынат.

Бардык эскиздер бир комплектке керектелүүчү материалдардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн чыгымдары боюнча эсептөөлөр менен кошо берилүүгө тийиш.

1. Бирдиктүү стиль, кылдат мамиле, түстөрдүн гармониялуу айкалышы.

2. Улуттук колоритти жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символикасын чагылдырган элементтердин болушу.

3. Кийүүгө ыңгайлуулугу жана коопсуздугу.

4. Колдонулуучу материалдар:

  • Табигый кездемелер (пахта, жүн, зыгыр, жибек), дем алуучу жана денеге жагымдуу.
  • Кездеме канчалык тыгыз болсо, ошончолук аз көрүнөт жана узакка кызмат кылат;
  • Тигиштер түз, үзүл-кесилсиз жана чыгып турган жиптери жок болушу керек;
  • тышкы тигиштер тыкан, астары тартпаган жана кыйшайбаган болушу зарыл;
  • тигиштер кыймылдаганда айрылбашы керек;
  • түймөлөр, сыдырмалар, кнопкалар (каралса) бекем тигилип, сапаттуу жана тыгылбай иштеши шарт4
  • чөнтөктөр симметриялуу жана терең, илмектери ажырап кетпеши керек;
  • астары көрүнбөшү зарыл;
  • кийим денеге жакшы отуруп, кийгенден кийин формасын сакташы керек;
  • этикеткасында кездеменин курамы жана кам көрүү боюнча толук маалымат камтылып, тыкан тигилиши зарыл.
  • Иштер конкурс комиссиясына белгиленген тартипте тапшырылат.

Сынакты өткөрүү тартиби

Конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөр 2026-жылдын 10-февралына чейин кабыл алынат.

Конкурс эки этапта өткөрүлөт:

тандоо этабы (эскиздер жана түшүндүрмө менен);

иналдык этап (эркектер жана аялдар үчүн даярдалган экипировканы көрсөтүү).

3. Финалдык этапта комиссия сунушталган үлгүлөрдү белгиленген критерийлер боюнча баалайт.

Баалоо критерийлери

Идеянын оригиналдуулугу жана дизайны.

Тематикага жана жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга шайкештиги.

Аткаруунун жана материалдардын сапаты.

Образдын эстетикасы жана бир бүтүндүгү.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо

Жеңүүчүлөр сертификаттар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат:

I орун — 200 000 (эки жүз миң) сом.

Башка шарттар

Эң мыкты үлгүлөр расмий иш-чараларда колдонууга сунушталышы мүмкүн.

Мыкты иштерге карата автордук укуктар Дирекциянын карамагына өтөт жана алардын макулдугусуз колдонулбайт.

Байланыш: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17

Конкурс комиссиясынын катчысы: Чынаева Лаура

Тел.: +996 500 059 311

E-mail: [email protected]

Эң көп окулган жаңылыктар