14:58
USD 87.45
EUR 103.76
RUB 1.14

Ала-Тоо аянтында эки күн боюу «Күз кайрыктары» аттуу музыкалык кече өтөт

Бишкектин Ала-Тоо аянтында эки күн боюу «Күз кайрыктары» — «Күз күүсү» музыкалык кечелери өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-сентябрда саат 19.30да Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин концерти болот.

Эртең, 4-сентябрда Улуттук филармониянын эстрадалык симфониялык оркестри ата мекендик популярдуу обондорду жана тасмалардан саундтректерди аткарат.

Борбор калаадагы Жол кайгуул кызматы 24-kg.com басылмасына билдиргендей, алар бул күндөрү Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин саат 17.00дөн баштап музыкалык кечелер аяктаганга чейин жол кыймылына чектөө киргизилет.

Эң көп окулган жаңылыктар