22:13
USD 87.45
EUR 102.51
RUB 1.12

Кыргызстанда орточо айлык акы 43 миң сомго жетти

Кыргызстанда 2025-жылдын январь-ноябрь айларында орточо эмгек акы 42 миң 954 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 19,1 пайызга өскөн.

Эмгек акынын эң көп өсүшү төмөнкү тармактарда катталган:

  • кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар;
  • курулуш;
  • саламаттыкты сактоо;
  • маалымат жана байланыш;
  • калкка социалдык кызмат көрсөтүү;
  • кесиптик;
  • илимий жана техникалык ишмердүүлүк;
  • мейманкана жана ресторандар;
  • финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу;
  • мамлекеттик башкаруу жана коргонуу;
  • мамлекеттик камсыздоо жана кен казуу тармагы.
Эң көп окулган жаңылыктар