15:54
USD 87.45
EUR 101.71
RUB 1.12

Пайдалуу кеңеш: Чайды кантип туура демдөө керек?

Чайдын курамында бир катар маанилүү биохимиялык процесстерге катышкан витаминдер жана микроэлементтер бар. Бул тууралуу алдын алуу жана интеграциялык медицина боюнча адис Римма Мойсенко «Чемпионат» сайтына билдирди.

Бирок, суусундук ченеми менен ичилгенде гана пайдалуу болот — күнүнө 1 литрге чейин орточо күчтүү чай. Аны күндүз ичкен жакшы, мүмкүн болсо, кечки саат 7:00дөн кийин ичүүдөн алыс болуңуз.

Эгер сиз дагы эле жатар алдында тынчтандыруучу чай ичкиңиз келсе, дарыгер ромашка же жалбыз кошулган чөп чайды 20 граммдан ашык демдебөөнү сунуштады.

Күндүз, мисалы, май жана туз кошуу менен суусундукту пайдалуураак кыла аласыз. Бул майлардын ашказандын былжыр челин каптап, токтук сезимин күчөтөт, деп түшүндүрдү адис.

Корица, кардамон, лимон, лайм, имбирь, чычырканак, клюква жана жалбыз сыяктуу кошулмалар чайдын антиоксиданттык касиеттерин күчөтүп, вируска каршы таасир берет. Бирок, цитрус жемиштерин кайнак сууга демдөөгө болбойт, анткени бул С витаминин тез эле жок кылат, деп эскертти Моисенко.

«Бир маанилүү эрежени эстен чыгарбоо керек: чайды тамактангандан бир саат өткөндөн кийин ичкен жакшы. Ашыкча суюктук тамак сиңирүү процессине тоскоол болот», — деп белгиледи дарыгер.

Эң көп окулган жаңылыктар