17:21
USD 87.45
EUR 101.85
RUB 1.11

Бийик тоолуу унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

15-январдан 18-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Буга байланыштуу төмөнкү аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында;
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
  • Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
  • Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-110-чакырымдарында;
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда;
  • Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусунда.

Андыктан ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет. Ошондой эле алдын ала берилген маалыматтарга көңүл буруп, сактык эрежелерин так сактоого, зарыл болбосо жолго чыкпай турууга жана кар көчкүлөрдөн сак болууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар