14:16
USD 87.45
EUR 102.04
RUB 1.11

Чүй облусунда кыз ала качкан шектүүлөр кармалды

Чүй облусунун аймагында кыз ала качууга шектелип, эки жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-январда милицияга Кожомкул айылынын 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 13-январда саат 00:30 чамасында өзүнө чала тааныш Н., аттуу жаран жана анын таанышы күч колдонуу менен никеге туруу максатында, Step Wagon үлгүсүндөгү автоунаага күчтөп отургузуп, уурдап кетишкенин билдирген.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы
Фото Чүй облустук ички иштер башкармалыгы. Чүй облусунда кыз ала качкан шектүүлөр кармалды

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Никеге туруу максатында ала качуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 24 жаштагы Б.Н., 23 жаштагы Ш.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар