19:25
USD 87.45
EUR 101.85
RUB 1.11

Жаратылыш министрлиги Ысык-Көлдөгү экологиялык кырдаалдын жакшырганын белгиледи

Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн экологиялык абалы жакшырды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, айлана-чөйрөнү коргоо жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы көлдүн сууларында күнү-түнү мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Инспекторлор браконьерликке каршы күрөшүү жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу боюнча тынымсыз иштеп жатышат. Мыйзам бузуучуларга карата тиешелүү чаралар көрүлүп, суу биоресурстарын коргоо боюнча комплекстүү аракеттер уланууда.

Адистердин көрүлгөн чараларынын натыйжасында Ысык-Көл экосистемасы акырындык менен калыбына келүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар