Акыркы сутка ичинде, 11-январда республика аймагында 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Өлкө аймагында 19 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 22 күжүрмөн эсеп тартылган:
- Бишкек шаары — 4;
- Ош шаары — 1;
- Нарын облусу — 1;
- Ысык-Көл облусу — 1;
- Чүй облусу — 2;
- Жалал-Абад облусу — 1;
- Ош облусу — 6;
- Баткен облусу — 3.
Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.


