01:11
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

2025-жылы 134 билим берүү мекемесинин курулушу аяктады

2025-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин республикалык бюджеттин каржылоосу менен 134 билим берүү мекемесинин курулушу аяктады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул мезгилде 60 мектеп жана 28 бала бакча курулуп, 41 билим берүү мекемеси жана 5 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Андан тышкары, 16 мектеп жана 13 бала бакчанын (жалпысынан 29 объект) курулушу ар кандай булактардан, анын ичинде өнүктүрүү фонддорунан, жергиликтүү бюджеттерден, демөөрчүлөрдөн жана башкалардан каржыланган.

Жалпы республика боюнча республикалык бюджеттин эсебинен жана ар кандай каржы булактардан 163 билим берүү (117 курулуш, 46 капиталдык оңдоп-түзөө) объектиси бүткөрүлгөн.

«2022-жылы Бишкек шаарында 15 мектеп курулган болсо, жаңы жылда ордо калаабызда 20 мектеп, Ош шаарында 10, Манас шаарында 6 мектеп салынат. Мектептердин курулушу февраль айында башталып, сентябрь айында бүткөрүлөт», — деди мамлекет башчысы

Мындан сырткары, учурда жалпы өлкө боюнча курулуштары ар кыл стадияда турган 216 мектеп жана 107 бала бакча бар.

2026-жылы алардын жарымы толук бүткөрүлүп, пайдаланууга бериле тургандыгын айтты

Эң көп окулган жаңылыктар