01:13
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Ысык-Көлдөн миң метрден ашык балык уулоочу тор чыгарылды

Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы туристтик-экологиялык милиция менен биргеликте рейддик иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда мыйзамсыз балык уулоого каршы чаралар көрүлүп, суу объектилеринен жалпы узундугу 1100 метрди түзгөн эски кытайлык синтетикалык торлор аныкталып, алынды.

Бул иш-чаралар биоресурстарды коргоо, браконьерликке бөгөт коюу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Браконьерликке каршы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат

Эң көп окулган жаңылыктар