Жаңы жылдын алгачкы эс алуу күндөрүн тоолуу аймактарда өткөрүүдө өзгөчө коопсуздук эрежелерин сактоо маанилүү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги эскертет.
Маалыматка ылайык, баллон (тюбинг) менен муз тебүүдө ылдамдык жогору болгондуктан, аны башкаруу же тез токтотуу кыйын, ошондой эле тоскоолдуктарга же башка адамдарга урунуунун коркунучу чоң.
Көп учурда мындай жагдай кулап кетүү жана оор жаракаттар менен аяктайт. Каргашалуу окуялардын алдын алуу үчүн тюбингди атайын жабдылган, коопсуз жайларда гана жана белгиленген эрежелерди так сактоо менен колдонуу керек.
Өзүңүздү жана жакындарыңызды күтүлбөгөн коркунучтардан сактаңыз:
- Жогорку ылдамдык жана көзөмөлдүн жоголушу. Тюбинг чанага салыштырмалуу кыйла ылдам жүрүп, аны башкаруу мүмкүн болбой, көзөмөлсүз кагылышууларга себеп болушу мүмкүн.
- Кагылышуу коркунучу. Дарактарга, таштарга, башка адамдарга же тюбингдерге урунуп кетүү, ошондой эле жолго чыгып кетүү ыктымалдыгы бар.
- Жаракат алуу коркунучу. Жогорку ылдамдыкта кулап кетүү, музга же катуу карга урунуу сөөктүн сынуусуна, мээ чайкалышына жана башка олуттуу жаракаттарга алып келиши мүмкүн, айрыкча жатып же туруп тебүүдө.
- Күтүлбөгөн тоскоолдуктар. Трассада башка адамдар же бөтөн нерселер болушу ыктымал.
Коопсуз муз тебүү эрежелерине көңүл буруңуз:
- Бөлүнгөн жана жабдылган трассаларды гана колдонуңуз;
- Эгер тюбинг бир адамга ылайыкталган болсо, анда бир гана адам отуруусу керек;
- Отуруп, алдыга карап, кармагычтарын бекем кармап түшүңүз;
- Түшүүдөн мурда трассанын бош экенин текшериңиз;
- Тюбингди автоунаага же квадроциклге байлап, жүрүү каражаты катары колдонууга тыюу салынат;
- Эгер кулап кетсеңиз, алдыга же артка эмес, капталга кулаганга аракет кылыңыз.


