Жаңы жыл түнү тынч өттү, республиканын аймагында олуттуу кылмыштар жана укук бузуулар катталган жок. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн жайларда жана калк көп чогулган башка жерлерде укук тартибине туруктуу жана күчөтүлгөн көзөмөл жүргүзүлдү.
Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрү жаңы жыл түнү коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бардык зарыл болгон уюштуруу чараларын көрүштү.
29-декабрдан баштап ички иштер органдарынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүп, милициянын жана тергөө-ыкчам топторунун күчөтүлгөн кезметтери уюштурулду.
«Ички иштер органдарынын бардык өздүк курамынын күчү коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук тартибин сактоо, жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу бардык билдирүүлөргө жана сигналдарга ыкчам жооп берүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча маанилүү тапшырмаларды аткарууга багытталды», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого ички иштер органдарынын он эки миңден ашык кызматкери тартылган.


