17:47
USD 87.42
EUR 102.87
RUB 1.12

Чет өлкө лидерлери президент жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады

Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери өлкө башчы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттукташты.

Преизденттин администрациясы кабаралагандай, алгач Кытай төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктап, жаңы жылдык куттуктоосу жазылган даректүү кат жөнөттү.

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери жогорку деңгээлде турат — муну Бишкектеги жакында болгон конструктивдүү жана мазмундуу сүйлөшүүлөрүбүз толук ырастады.

Биз, албетте, саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда жемиштүү кызматташтыкты активдүү түрдө мындан ары да кеңейтебиз, ошондой эле КМШ, ЕврАзЭС, ЖККУ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында аракеттерибизди координациялайбыз. Бул Россия менен Кыргызстандын достук мамиледеги элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет, Евразия мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө багытталган.

Жаңы жылда чың ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди, ал эми бардык мекендештериңизге бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү чын жүрөктөн каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Өтүп бара жаткан жылда жалпы умтулуулар жана биргелешкен аракеттер менен биз достош мамлекеттерибиздин ортосундагы коңшулаштык, стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелеринин динамикалуу өнүгүшүнө жетиштик.

Биздин бекем саясий эркибиздин, жемиштүү жана конструктивдүү байланыштарыбыздын аркасында маанилүү тарыхый макулдашууларга жетишип, көп пландуу жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрө алганыбызды өзгөчө канааттануу менен белгилегим келет.

Жогорку деңгээлдеги жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү активдештирип, жетишилген макулдашуулардын толук аткарылышын камсыз кылуу менен, 2026-жылы биз алдыбызга койгон бийик максаттарга сөзсүз жетишебиз.

Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишмердүүлүгүңүздө чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Кирип келе жаткан Жаңы 2026-жыл менен куттуктоомду кабыл алыңыз!

Сизге кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана боордош Кыргызстан элинин гүлдөп-өнүгүшүнө арналган жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди каалайм!», — деп айтылат телеграммада.

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин кирип келе жаткан Жаңы 2026-жыл менен куттуктады.

«Сизге жана сиздин жакындарыңызга бекем ден соолук, бакыт жана бакубат жашоо, ал эми боордош Кыргыз Республикасынын элине тынчтык, туруктуулук жана мындан аркы туруктуу прогресс каалайм.

2025-жылы биздин өлкөлөрдүн достук жана көп пландуу кызматташтык мамилелери жогорку динамикасын сактап калганы жана биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн аларды ырааттуу өнүктүрүү боюнча жаңы биргелешкен кадамдар менен белгиленгени кубандырат.

Келе жаткан 2026-жылы да биздин өлкөлөрдүн жемиштүү өз ара аракеттенүүсүн жаңы практикалык мазмун менен толуктайбыз деп ишенем.

Эки өлкөнүн түпкү кызыкчылыктарынын нугунда ишенимдүү мамлекеттер аралык диалогду улантууга кубанычтамын», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Сизди келе жаткан 2026-жыл менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сизге ден соолук, бакыт жана эл аралык аренада өнөктөштүктү жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзгөн баштоолоруңузга ийгиликтерди каалайм. Жаңы жыл сиздин өлкөңүздүн элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү алып келсин», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Эң көп окулган жаңылыктар