21:23
USD 87.41
EUR 103.01
RUB 1.12

Кыргызстанда электр унааларына бажы жеңилдиктери 22-январдан тарта күчүнө кирет

Кыргызстанга импорттолгон электр унааларына бажы алымдарынан бошотуу 2026-жылдын 22-январынан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тарифтик жеңилдик Евразия экономикалык комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы чечимине ылайык киргизилип жатат жана ал толугу менен электр унааларына, ошондой эле сериялык гибриддик унааларга тиешелүү болот.

Андан тышкары, Евразия экономикалык биримдигинин тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасына унааларга байланыштуу өзгөртүүлөр ошол күндөн тартып күчүнө кирет.

Мамлекеттик бажы кызматы тарифтик жеңилдиктер 1-январдан эмес, 2026-жылдын 22-январынан тартып күчүнө кирерин баса белгиледи. Ошондуктан, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына жеткирүүнү пландаштырууда бул мөөнөттү эске алуу сунушталат.

Эң көп окулган жаңылыктар