23:40
USD 87.45
EUR 102.63
RUB 1.09

Акыйкатчы мурдагы аткаминердин көп аял алуу боюнча ишин көзөмөлгө алды

Бишкекте мурдагы чиновникке көп аял алуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Акыйкатчы институтуна Бишкек шаарынын тургуну У.Х. кайрылып, жарандык никедеги жолдошу, мурдагы чиновник М.М.га чара көрүүнү суранган.

Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы
Фото Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы. Акыйкатчы мурдагы аткаминердин көп аял алуу боюнча ишин көзөмөлгө алды

Арыздануучунун айтымында, ички иштер органдары көп аял алуу фактысы боюнча анын арызын 5 ай бою карабай, араң гана 1- декабрда Октябрь РИИБиси Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин 176-беренеси (Эки жана андан көп аял алуу) менен кылмыш ишин козгогон.

У.Х. М.М. менен 2022-жылдын 16-февралында диний жөрөлгө менен нике кыйдырып, 22-февралда үлпөт тоюун өткөрүшкөн. М.М. балдары бар экенин айтып, бирок аялы менен бирге жашабай калгандыгына ишендирген.

Арадан бир жыл өткөндөн кийин уулду болуп, наристе 6 айга толгондо генетикалык оор дарты аныкталат.

«Жолдошум майыптыгы бар бала биздин атыбызды булгайт деп фамилиясын өзгөрттүрүп койду. Баладан толугу менен баш тартып, дарылануусуна да жардам бербей келет. Дарыгерлер уулумду чет өлкөдөн дарылоону сунушташкан. Жакындарымдын, ата-энемдин жардамы менен уулумду дарылап келдим», — дейт У.Х.

Арыздануучу М.М.нын биринчи жубайы жана анын бир туугандары аны каралап, кысымга алып, милицияга ар кандай арыз жазып кайрылып жатышканын айтат.

Акыйкатчы Институнун кызматкерлери келинге укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүп, тергөө жана сот иштерине мониторинг жүргүзүп бере турган болду.

Андан тышкары Башкы прокуратурага келиндин арызы боюнча жүрүп жаткан иштер туурасында маалымат сурап расмий кат жолдонду.

Белгилей кетсек, мыйзамда көп аял алууга каршы коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салуу жоопкерчилиги каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар