16:53
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Пайдалуу кеңеш: Идеалдуу эртең мененки тамак кандай болушу керек?

Infobae басылмасы доктор Дэниел Лопес Розетти эртең менен белок, татаал углеводдор, клетчатка жана пайдалуу майлар абдан маанилүү экенин айтканын Lenta.ru сайты жазып чыкты.

Дарыгердин айтымында, белокту жумурткадан, сүт азыктарынан, сырдан, айрандан же буурчак өсүмдүктөрүнөн алууга болот. Мунун баары ар бир адамдын каалоосуна жараша болот. Татаал углеводдор дан эгиндеринен жасалган нандан, сулудан жана жемиштерден кездешет.

Розетти ошондой эле пайдалуу майларды жаңгактардан, зайтун майынан жана авокадодон тапса болорун баса белгиледи. Ичегинин туура иштеши үчүн маанилүү болгон клетчаткага келсек, ал жемиштерден жана дан өсүмдүктөрүнөн да алынат. Адис эртең мененки тамакка кофе же чай кошсо болот деп жыйынтыктады.

Эң көп окулган жаңылыктар