18:48
USD 87.45
EUR 101.17
RUB 1.12

Кыргызстандык кино оператор «Бриллиант көпөлөк» сыйлыгын жеңип алды

«Бриллиант көпөлөк» эл аралык кино сыйлыгынын аземи Москвадагы Никита Михалковдун 12-чеберкана театрында өттү. Уюштуруучулар бул жаңылыкты социалдык медиада жарыялашты.

Кыргызстандык Талант Акынбеков «Кара, кызыл, сары» тасмасы үчүн «Мыкты кинооператор» сыйлыгын жеңип алды.

Кытайлык режиссёр Сюй Чжэндин «Агымга каршы» тасмасы эң мыкты тасма деп табылды. Анын жаратуучулары 1 миллион долларга барабар акчалай сыйлыкка ээ болушат.

Сынакка маданий жана руханий салттарды бөлүшкөн өлкөлөрдүн тасмалары катышты. Орусия, Кытай, Түркия, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Сербия, Өзбекстан, Венесуэла, Куба, Сенегал, Түштүк Африка, Пакистан, Беларусь, Индонезия, Вьетнам, Иран жана башкалар өз тасмаларын тапшырышты.

«Бриллиант көпөлөк» ачык Евразия киносыйлыгы Евразия кинематографиялык искусство академиясынын биринчи жана негизги иш-чарасы болуп саналат. Сыйлыктын миссиясы — кино аркылуу салттуу жана универсалдуу баалуулуктарды сактоо, руханиятты, маданий иденттүүлүктү жана гуманизмди колдоо болуп эсептелет.

Эң көп окулган жаңылыктар