Чүй облусунда мектептердеги санитардык-гигиеналык чөйрөнү жакшыртууга багытталган «Санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртуу долбоору» (2024–2027) үчүнчү этабы ийгиликтүү аяктады. Иш-чара Корей эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA), Халлим университети жана «Global Civic Sharing» эл аралык уюму тарабынан биргелешип ишке ашырылууда отуз айга эсептелген долбоордун жалпы бюджети үчжүз миң долларды түзүп, мектептердеги санитардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана окуучулардын ден соолугун чыңдоого багытталган.
2025-жылдын 4-сентябрынан 3-декабрына чейин аймакта KOICAнын үчүнчү ыктыярчылар курамынын он эки ыктыярчысы иш алып барды. Алар өткөргөн практикалык сабактар менен иш-чаралар окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер тарабынан кеңири колдоого ээ болду.
Дүйнөлүк кол жуу күнү: Кожомкул айылын бириктирген иш-чара өткөрүлдү
25-октябрда Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылындагы Военно-Антоновка мектебинде Кол жуу боюнча дүйнөлүк күнгө арналган ири иш-чара өттү. Ага жүз элүүгө жакын адам — окуучулар, ата-энелер, мугалимдер жана айылдын тургундары катышты.
Иш-чаранын өзгөчөлүгү — «кириш билети» катары бир даана самын алып келүү талабы болду. Катышуучулар жети тематикалык санитардык зонадан турган интерактивдүү маршруттан өтүштү: таза суу, кол жуу, тиш гигиенасы, тамактануу, калдыктарды бөлүп чогултуу, ажаткана гигиенасы жана аялдардын гигиенасы. Жыйналган самындын бардыгы мектепке өткөрүлүп берилди.
Маданий программа да уюштурулду: корей улуттук оюндар, ханбок кийген фотозона, улуттук даамдардын көргөзмөсү жана командалык оюндар иш-чараны чоң айылдык фестивалдын атмосферасына айлантты.
Туруктуу санитардык билим берүү системасын түзүү
7-октябрдан 28-октябр аралыгында KOICAнын ыктыярчылары Кожомкул жана Гавриловка мектептеринин 1—6-класстары үчүн гигиена жана тамактануу боюнча сабактарды өткөрүштү. Башкы максат — суу, санитария жана гигиена (WaSH) боюнча туруктуу билим берүү системасын түзүү жана аны жергиликтүү мугалимдердин өз алдынча алып баруусуна шарт түзүү.
Ыктыярчылар окуу материалдарын иштеп чыгып, методикалык пландарды жергиликтүү шартка ылайыктап, көрнөк-жарнактарды даярдап беришти. Мындан тышкары, мугалимдер аркылуу ата-энелерге маалыматтык кагаздар таратылды: октябрда — суук тийүүнүн алдын алуу жөнүндө, ноябрда — кол жуунун маанилүүлүгү тууралуу.
Жергиликтүү мугалимдер жана жаштар менен кызматташтык
Долбоордун үчүнчү этабы жыйырма бир жергиликтүү жаш ыктыярчылар («бадди») жана мектеп мугалимдеринин активдүү катышуусу менен ишке ашырылды. Алар сабактарды жана иш-чараларды уюштурууда чоң көмөк көрсөтүп, долбоордун ийгиликтүү аткарылышына салым кошушту.
KOICA долбоордун туруктуулугуна өзгөчө көңүл бурат. Ушул максатта мугалимдер үчүн семинарлар өткөрүлүп, методикалык материалдар тапшырылып, кийинки ыктыярчылар курамынын иш-пландары даярдалууда.
KOICAнын үчүнчү ыктыярчылар курамынын иши 3-декабрда аяктайт. 2026-жылы регионго төртүнчү жана бешинчи курамдар келери күтүлүүдө. Алар санитардык инфраструктураны жакшыртуу, билим берүү программаларын кеңейтүү жана жергиликтүү коомдор менен өнөктөштүктү бекемдөө иштерин улантышат.


