Эртең, 26-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +15 ... +20,
Талас жергесинде +14... +19,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +15... +20,
Ысык-Көлдө +6 ... +11,
Нарында +5... +10 градус болот.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын табы +18... +20 градус болот.


