20:20
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.12

Улуттук банк эсептик ченди 11 пайызга чейин жогорулатты

Улуттук банк башкармалыгы 24-ноябрда эсептик ченди 100 базистик пунтка 11 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, бул чечим бүгүн, 25-ноябрдан тартып күчүнө кирет.

Белгиленгендей, Кыргызстанда инфляция деңгээли 2025-жылдын башталышынан тартып 7,3 пайызды, жылдык мааниде 8,9 пайызды түздү. Учурда өлкөдөгү баа динамикасы тышкы экономикалык шарттардын таасиринде калыптанууда, алардын ички бааларга болгон таасири олуттуу бойдон калууда. Азык-түлүккө болгон дүйнөлүк баалар өсүүдө, ал эми региондогу өлкөлөрдө инфляция жогору бойдон калууда. Бул факторлор өлкөгө импорттолгон товарлардын баасына таасир берүүдө. Учурдагы инфляциянын түзүмүндө, негизинен импорттолуучу күйүүчү-майлоочу материалдардын наркынын, электр энергиясына тарифтердин жогорулашы, ички керектөөнүн көбөйүшү жана бул факторлордун таасиринен улам азык-түлүктөн башка товарларга баалардын жогорулашы байкалууда. Ал эми азык-түлүк товарларына баалар салыштырмалуу орточо өсүш динамикасын көрсөтүүдө.

«Өлкөдө экономикалык жигердүүлүк жогору бойдон сакталууда. 2025-жылдын январь-октябрь айларында реалдуу ИДӨ туруктуу керектөө суроо-талабына жана инвестициялык жигердүүлүктүн өсүшүнө байланыштуу 10 пайызга жогорулаган. ИДӨнүн өсүшүнө кызмат көрсөтүүлөр, курулуш жана өнөр жай сектору салымын кошууда. Ал эми ички суроо-талаптын жогору болушу реалдуу эмгек акыларынын өсүшү, акча которуулардын өлкөгө агылып кирүүсү жана керектөө кредиттеринин көбөйүшү менен шартталган. Курулуш секторуна колдоо көрсөткөн ички булактардын эсебинен каржыланган негизги капиталга инвестициялардын өсүшү байкалууда», — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк учурдагы акча-кредит шарттары инфляцияны орто мөөнөттүү көрсөткүчкө — 5-7 пайызга кайтарууга багытталганын белгиледи. BIR банктар аралык эталондук пайыздык чени Улуттук банктын пайыздык коридорунун төмөнкү чегине жакын калыптанууда, бул банк секторундагы ликвиддүүлүктүн жогору профицитин билдирет. Ички валюта рыногунда туруктуулук сакталып турат: чет өлкө валютасына суроо-талап менен сунуштоонун катышы тең салмактуу бойдон сакталып калууда. Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көбөйүшү тышкы чөйрөдө белгисиздик жагдайы орун алган шартта тышкы таасирлерге кошумча туруктуулукту камсыз кылат.

Банк сектору туруктуу жана жогорку ликвиддүүлүккө ээ болуу менен бирге экономиканы кредиттөө үчүн жетиштүү потенциалды камсыз кылууда.

Улуттук банк

2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча банктардын кредит портфелинин көлөмү 35,2 пайызга , ал эми депозиттик базасы 35,7 пайызга3 көбөйгөн. Банктардын улуттук валютадагы депозиттеринин өсүшү калктын реалдуу кирешелеринин көбөйүшүн жана монетардык шарттардын катуулатуусунан улам калктын акча топтоо жөндөмүнүн күчөшүн чагылдырат. Жалпысынан алганда, банк сектору депозиттердин долларлашуу деңгээлинин 35 пайызга жана кредиттердин 17,8 пайызга чейин акырындык менен төмөндөшүн көрсөтүүдө.

Региондогу энергоресурстарга баанын өзгөрүлмөлүүлүгү, азык-түлүккө болгон дүйнөлүк баалардын жогорулашы жана Кыргызстандын негизги соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө байкалган инфляциялык басым импорттолуучу товарлардын бааларына басымын улантууда. Бул факторлор жакынкы келечекте инфляцияга түрткү берүүчү факторлордун үстөмдүк кылуу ыктымалдыгын көрсөтүп, акча-кредит шарттарынын учурдагы күчөтүү зарылдыгын шарттайт. Ошол эле учурда, инфляциянын ички факторлору салыштырмалуу орточо жана башкарылуучу бойдон калууда. Бул шарттарда Улуттук банктын эсептик чен өлчөмү 11 пайыз деңгээлине чейин жогорулаган. Кабыл алынган чечим орто мөөнөттүү келечекте баа динамикасын 5-7 пайыз максаттуу диапазондо калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүдө салмактуу ыкмага таянып, инфляциянын түптөлүп жаткан жаткан тышкы жана ички факторлоруна баа берүүнү улантууда. Баанын туруктуулугу үчүн кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарбайт.

Белгиленгендей, Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландык отуруму 2026-жылдын 26-январында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар