Амир Идиатулин Кыргыз-Орус Славян университетинин архитектура адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган. Ал 2008-жылы 26 жашында IND компаниясын (Москва, Россия) негиздеген. Бүгүнкү күндө анда 300дөн ашык адис эмгектенет.
Компаниянын Санкт-Петербург, Ташкент жана Дубайда филиалдары бар.
Амир Идиатулин — «Густав» креативдик индустрия Технопарк долбоору үчүн 2024-жылдагы Москва архитектура сыйлыгынын жана Эр-Рияддагы чыгармачыл кластер долбоору үчүн The Best Future Culture Project номинациясындагы архитектура жаатындагы дүйнөлүк абройлуу «WAF — 2024» сыйлыгынын лауреаты болгон.
Ал ноябрь айында АКШнын Майами шаарында өтө турган WAF 2025 көргөзмөсүнүн калыстар тобунун мүчөсү. Мындан тышкары Россиянын архитекторлор союзунун жана Эл аралык шаар менен аймактык пландаштыруучулар коомунун (ISOCARP) мүчөсү болуп саналат.
Амир Идиатулин 24-kg.com агенттигине Бишкектеги алгачкы долбоорлорунан тартып, эл аралык сыйлыктарга ээ болгонго чейинки басып өткөн байсалдуу жолу, келечектеги шаарлардын калыптандырууга архитектуранын ролу жана эмне үчүн Кыргызстанда ири долбоорду ишке ашырууну кыялданып жаткандыгы тууралуу айтып берди.
— Амир, сиз Москвага эмнеге көчүп келдиңиз? Муну жасоого эмне түрткү болду?
— Мен КРСУну аяктагандан кийин 2005-жылы Москвага көчүп келдим. Адегенде, аспирантурага тапшырууну пландап жаткам, ал тургай Москва архитектура институтуна тапшырып көрдүм. Бирок кийин бул мен үчүн эмес экенин түшүндүм, тагыраак айтканда университетте дагы бир нече жыл окугум келбеди. Бир айдан кийин Цыциндин «Монарх» архитектуралык фирмасынын Москвадагы филиалына жумушка орноштум. Ал жерде өзүмдүн жеке компаниямды негиздегенге чейин бир нече жыл иштедим.
— Сиз кесиптик сапарыңызды эмнеден баштадыңыз?
— Эң биринчи буйрутмам экинчи курстагы графикалык дизайн болгон. Мен визиттик карточкаларды иштеп чыккам. Анда шрифттер, түстөр жана графика менен эксперимент жасоо абдан кызыктуу болгон. Бир жолу мага автобус жарнамаларын жасоого буйрутма берилди. Өз колуңдан чыккан дизайныңыз шаарды кыдырып жүргөнүн көрүү абдан жагымдуу болгон.
Мен үчүнчү курсумда Бишкектеги «Реал Проект» компаниясында толук кандуу архитектор болуп иштей баштадым. Анда батир жана кеңселердин интерьерлерин, имараттардын фасаддарын жана май куюучу жайлардын долбоорун жасачумун. Баса, алар менин ишке ашырылган алгачкы долбоорлорум болуп калды. Ал кезде бешинчи курстун студенти элем.
Ал иштерди жылуу сезим менен эстейм. Анда кесиптештерим «Жеңилимди жерден, оорумуду колдон алып» көмөк көрсөтүштү. Айрыкча бюронун башкы архитектору, кесибимдеги биринчи устатым Алексей Блиновский жана анын атасы, компаниянын жетекчиси жана башкы конструктору Геннадий Блиновский мени колдоп, насаатчылык кылышты.
— 2008-жылы сиз өзүңүздүн архитектуралык фирмаңызды ачтыңыз. Сиз үчүн кайсы долбоорлор өзгөчө маанилүү?
Маалымдама
IND компаниясы Forbes Russia (2023) журналы боюнча Россиядагы эң мыкты архитектуралык кеңселердин катарына кирет жана коммерциялык, коомдук жана турак жай имараттарын, билим берүү жана жеңил өнөр жай объектилерин долбоорлоого, ошондой эле шаарлардын, аймактардын жана эс алуу аймактарынын башкы пландарын жана өнүктүрүү стратегияларын түзүүгө адистешкен. IND компаниясынын иш тажрыйба тизмегинде 150дөн ашык долбоор бар.
— Фирма түзүлгөндөн берки 17 жыл ичинде, биз чоң жолду басып өттүк. Ал түптөгөн учурда, биздин кеңсе Москванын айланма жолунан бир нече чакырым алыстыктагы турак жай конушунда болчу. Мен кесиптештеримди акыркы метро станциясынан алып, жумушка машина менен барчубуз. Бир жагынан, бул стресстүү жана татаал мезгил болчу, бирок экинчи жагынан, бул бизге өзүбүз каалагандай долбоорлорду түзүүгө мүмкүндүк берди. Биздин биринчи кызматкерлерибиз классташтар жана КРСУдан келген балдар болчу. Аларды мурда Цыцин менен иштөө үчүн Москвага чакыргам«
Биздин биринчи долбоорубуз коттедж шаарчасы болчу. Бул чоң буйрутма эле. Андан кийин биз башка кардарларды издей баштадык. Көбүнчө жеке менчик интерьерлерге активдүү катыштык. Акырындык менен биз коммерциялык интерьерлерге, негизинен кеңселерге өтө баштадык.
Кеңсе дизайны — IND компаниясынын негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Алгач биз банк филиалдарын, андан кийин алардын башкы кеңселерин долбоорлоп бердик. Бул жаатта тездик менен өнүгүп, көп жылдар бою ири кардарлар менен кызматташтык. Мисалы, «Сибур» компаниясы үчүн жалпы өлкө боюнча бир нече кеңселерди жана көп функциялуу жайларды түздүк. Буга кошумча бүтүндөй холдинг компаниясынын дизайн концепциясын өзгөрттүк.
Кеңселерде иштерибиз жакшы жүргөнүнө карабай мен дагы өркүндөтүүнү кааладым. Биз архитектура жаатында иштей баштадык. Алгач турак жай комплекстери үчүн көргөзмө залдары сыяктуу чакан долбоорлор, андан кийин чоңураак буйрутмаларды ала баштадык. 2013-жылы биз биринчи буйрутмабызды алдык. Ал «Большевик» заводун батир комплексине айландыруу болчу. Долбоор 2016-жылы аяктаган.
2019-жылы Дербент шаарынын биринчи башкы планын бүтүрүп, экинчи орунду ээледик. Биз Дания, Нидерланы жана Орусиянын алдыңкы адистери менен бирге иштештик. Ошондон кийин мындан ары эмнени каалаганыбызды толук түшүндүк.
Өзгөчө билим берүү мекемелерине көңүл бурабыз. Биз мектептерди активдүү долбоорлоп келатабыз. Казакстандын Бурабай шаарындагы биз долбоорлогон мектепте окуучулар окуп жатышат, ошондой эле биз Алматыдагы мектепти долбоорлоп бердик. Учурда биздин турак жай комплекси Өзбекстанда курулуп жатат.
— Дизайн жана ишке ашкан долбоорлорго болгон мамилеңиз жылдар бою кандайча өзгөрдү?
Азыр биз туруктуулукту эске алуу менен долбоорлоп келебиз. Ошондуктан мейкиндиктер көп функциялуу болуп, жаңы чакырыктарга туруштук берүү үчүн өзгөртүлүшү мүмкүн. Жөнөкөй мисал катары мектепти келтирсек болот. Анын мейкиндиктерин сабактан кийин спортко же семинарларга, болбосо дем алыш күндөрү же кечкисин коомдук чогулуштар үчүн колдонсо болот.
Бул жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө жана коомчулуктардын калыптанышына чоң салым кошот. Биз аларды долбоорлорубузда эске алабыз. Адамдар мейкиндиктерде мүмкүн болушунча жайлуу жашап жана иштеши үчүн ыңгайлуулукту түзөбүз.
— Долбоордо эмнеден баш тартууга болот жана эмнени жогорку деңгээлде сактоо керек?
— Биз, архитекторлор, дайыма курмандыктарга барууга туура келет. Кантсе да, биз сүрөтчүлөр сыяктуу эле чыгармачыл долбоорду гана жаратпастан, бетон, таш жана айнекти колдонуу менен ишке ашырыла турган материалдык долбоорду түзөбүз. Аны менен абдан оригиналдуу, татаал имаратты долбоорлой алабыз, бирок кардардын ага бюджети жетеби?
Архитектурада мага жаккан нерсе — биз бир нече өлчөмдө иштейбиз. Биз таанымал жана функционалдуу объектилерди түзөбүз, бирок ошол эле учурда долбоордун экономикасын үйрөнөбүз, окуйбуз жана долбоор менен өз ара мамиледе боло турган адамдар жөнүндө билебиз, мисалы, ушул турак жай комплексинен батирлерди сатып алышат.
— Негизинен, бир гана сабак бар: кардар менен кылдат баарлашуу, техникалык милдетти майда-чүйдөсүнө чейин аныктоо жана максаттуу аудиторияны билүү, өзүңүздүккү сыяктуу кардарларды, кызматкерлерди жана жашоочуларды түшүнүү зарыл.
Курулуш учурундагы өзгөрүүлөргө келсек, албетте, алар ар бир долбоордо болуп турат. Бул кадыресе көрүнүш, анткени курулуш — бул көптөгөн компоненттерден турган ири масштабдуу долбоор. Ошондуктан, командада дайыма архитектор болушу керек. Айрымдар өздөрүнүн жумушу эскиздерди түзүү жана долбоордук документтерди даярдоо деп ойлошот, бирок курулуш учурунда көптөгөн суроолор пайда болот.
Мен долбоордо архитектуралык коштоо сөзсүз болушу керек деп ойлойм. Себеби иштин сапаты жана архитектор «өзүнүн» дизайнынан уялбаганда гана , ал бир топ өзгөртүлгөн күндө да, архитектуралык көзөмөл абдан маанилүү деп ишенем. Мен архитектор кооз идеяны жараткан, бирок алардын көзөмөлүсүз ишке ашыруу начар болгон учурларды көп кездештирдим.
— Долбоорду бүтүрүү убактысы сиз үчүн канчалык маанилүү жана мөөнөт менен сапаттын ортосундагы тең салмактуулукту кантип табасыз?
— Курулуштун мөөнөттөрү боюнча көптөгөн талаш-тартыштар бар. Бир жагынан долбоорлорду шашпай аяктагың келет. «Жети өлчөп, бир кесип» ойлонуп, сапатына карап, ар бир этапка көп күч жумшоо керек. Бирок дүйнөнүн канчалык тездик менен өзгөрүп жатканын караңыз, архитектура бул жалпы ылдамданууга табигый түрдө таасирленип жатат. Акыркы учурларда имараттар ыкчам курулуп баратат.
Бүгүнкү күндө ыкчамдык сапаттын төмөндөшүн билдирет деп айта албайм. Бул табигый нерсе, анткени бизде иш процесстерди автоматташтыруу жаатында көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр бар. Мындан тышкары, мисалы, биз башка өлкөлөрдөн куруучуларды тарта алабыз. Бул көбүрөөк жумушчу күчүн жана жаңы материалдар пайда болушун билдирет.
Ошол эле учурда, архитектура азыр, бир топ өзгөрүп баратат. Бир кезде чиркөөлөр кылымдар бою шаардын түзүлүшүн калыптандырып турган болсо, бүгүнкү күндөгү имараттар тезирээк эскирип, материалдар бузулуп, функциялары өзгөрүп кетүүдө.
Ооба, иштин жүрүшү тездеди жана прогресс муну шарттап жатат. Бул кадимки процесс, ал эми туура башкаруу менен аткарылган долбоордун сапаты төмөндөбөйт.
— Мен көп нерселер шыктандырат. Жакында эле Сицилияда болуп, музейдеги эң кооз тепкичти көрдүм. Имарат XVII-XVIII кылымдарга таандык, ал эми тепкич 1980-жылдары жасалыптыр. Бул айкалыш убакыттын ушунчалык катмарланышы менен абдан мыкты жасалган. Кийинчерээк мен аны долбоорлогон архитектор жөнүндө окудум. Бул кичинекей нерсе, бирок мени абдан шыктандырды.
Жалпысынан алганда, архитекторго дайыма өнүктүрүп турган, визуалдык тажрыйба керек. Мисалы, мен тоолордон, алардын күч — кубатынан жана энергиясынан шыктанам. Университетте биз дайыма тоого чыгып турчуубуз. Биринчи жолу Алматыдан Ысык-Көлгө чейин бир нече капчыгайлар аркылуу саякатымды эч качан унутпайм. Боз кырлар менен баратып, жыгачка, ташка өскөн тамырсыз өсүмдүктүн айкалышы мени таасирленткен. Кийинчерээк мен аларды долбоорго киргиздим.
Конкреттүү мисалдар жөнүндө айта турган болсом, жакында эле мен Telegram каналымда Мадриддеги Бархас аэропорту жөнүндө жаздым. Бул татаал имараттагы таң калыштуу архитектуралык образ жана долбоорлоонун эң мыкты, ажайып үлгүсү деп эсептейм.
— Жумушуңузда жергиликтүү климатты, материалдарды, каада-салттарды жана маданиятты эске алуу канчалык маанилүү жана муну долбоорлоруңузда кантип колдоносуз?
— Бул абдан маанилүү. Архитектура жана дизайн жасоодо жердин тарыхы эске алынат жана нукура болушу керек деп эсептейм. Жаңы жерлердеги долбоорлордун үстүндө иштеп жатканда, ал өлкөнүн климатын кылдат изилдейбиз. Мисалы, биз БАЭнин Дубай шаарындагы долбоорлордун үстүндө иштедик. Бул үчүн алгач бир нече жолу бардык. Биз жергиликтүү дизайнерлер менен сүйлөшүп, алар менен тыгыз иштешип, жергиликтүү курулуш нормаларын, климатты жана андагы материалдардын кантип бузулаарын кылдат изилдедик. Маданиятка сүңгүп кирип, тарыхты изилдедик.
Биз биргелешкен долбоорлоону колдонобуз. Бир мисал менен түшүндүрүп берейин. Дербенттин башкы планынын үстүндө иштеп жатканда, биз ал жерден көп сейилдедик, шаарды кыдырдык, жергиликтүү тургундар менен баарлаштык жана активдүү коомчулуктар менен бир нече сессияларды өткөрдүк. Дербентте кандай адамдар жашаарын, эмне менен алектенерин, кантип күн көрүшөрүн, бүгүнкү күндө эмне жетишпей жатканын жана эмнеден арылгысы келерин өз көзүбүз менен көрүп, билдик. Өзүнүн жери тууралуу анын тургундарынан башка эч ким жакшыраак, мыкты айтып бере албайт.
— Бир нерсени пландап, бирок иш жүзүндө башкача болуп чыккан учурлар болду беле?
— Албетте. Бул ар бир архитектордун турмуш чындыгы. Бул анчалык жагымдуу эмес, бирок себептери бар. Үй куруу — бул чоң иш. Кээде долбоордун бюджети өзгөрөт. Кээ бир материалдарды алуу кыйын, ал эми куруучу айырмачылык аз деп ойлоп, башкаларына алмаштырат. Айрым чечимдер оптималдаштырылат, башкалары өзгөртүлөт жана акыркы натыйжада сүрөттө жана иш жүзүндө таптакыр башка долбоор пайда болот. Ар бир архитектор сыяктуу эле, бул мага жакпайт.
Биз аларды азайтуу үчүн долбоордун толук цикли менен иштейбиз. Бул жөн гана концепция эмес, ошондой эле деталдуу долбоорлоо, инженерия жана ири курулуш болуп саналат.
Биз BIM (Имараттардын маалымат моделин) колдонобуз. Бул технология долбоордун бардык маалыматтарын: архитектураны, курулмаларды, инженердик системаларды, материалдарды, мөөнөттөрдү жана чыгымдарды бириктирген имараттын 3D маалымат моделин түзөт.
— Кыргызстандык болгонуңуз, бүгүнкү күндөгү архитектуралык стилиңизге жана долбоорлорго болгон мамилеңизге кандай таасир этет?
— Менин Кыргызстанда төрөлүп- өсүп, билим алганым менин эң чоң ышкымды — тоолорго болгон сүйүүмдү калыптандырды! Дал ушул жерде мен кайрадан күч топтоп, жумуш процесстеринен алыстап, архитектуралык жана башкаруучулук идеяларды иштеп чыктым. Бирок стилге келсек, ал мага анчалык таасир эткен жок деп ойлойм. Анткени биз глобалдашкан дүйнөдө жашап жатабыз. Кытай архитекторлору Америкада, ал эми америкалыктар Кытайда куруп жатышат.
Баса, биз Кытайда да дизайн иштерин жүргүздүк: музей жана иммерсивдүү театр үчүн концепцияларды түздүк. Алардын акыркысы абройлуу сыйлыкка ээ болду. Архитектура контекстке, суроо-талапка жооп берет. Долбоорду түзүүдө мен мурда башымда калыптанган эмес, жергиликтүү өзгөчөлүктү эске алам.
— Сиз Орусиядагы ири долбоорлордо — кеңселер, кайра куруу, хоспистерде иштөө боюнча кеңири тажрыйбаңыз бар. Ушул сыяктуу долбоорлорду Кыргызстанга ишке ашыруу боюнча кандайдыр бир идея же пландарыңыз барбы?
— Албетте, каалайт элем. Учурда биз Ысык-Көлдө абдан кызыктуу долбоорду баштап жатабыз. Бул тууралуу азырынча айта албайм, бирок кийинчерээк Telegram каналымда сөзсүз жазам.
— Эгер сизге Бишкектеги коомдук мейкиндикти — сейил бак, шаардын борбору, жаңы шаарча же кичирайонду долбоорлоо тапшырмасы берилсе, сиз кандай концепция сунуштайт элеңиз?
— Бул суроо мага университетте Бишкектеги сейил бактын кандайча долбоор жасаганымды эске салды. Албетте, ал ишке ашырылган эмес жана студенттик концепция баскычында калган, бирок менде бул тууралуу сунуштарым бар. Мен ушул сыяктуу долбоорду кубануу менен ишке ашырат элем. Же болбосо мектеп же бала бакча сыяктуу социалдык функциясы бар кандайдыр бир коомдук мейкиндиктер болот.
Мен сунуштаган концепцияга конкреттүү техникалык мүнөздөмөлөрсүз жооп берүү мүмкүн эмес. Буйрутманын муктаждыктарына жараша, эгер алар ушуну сурап жатышса, кубануу менен улуттук иденттүүлүктү кеңейтет элем.
— Кыргызстанда долбоорлоо жана курулуш иштери көп учурда бирге жүргүзүлөт. Кандай тобокелдиктер бар?
— Долбоорлоо документтерин аяктоо, аны бекитүү, эксперттик кароодон өткөрүү жана андан кийин курулушту баштоо абдан маанилүү болуп саналат. Бул жерде жумушчу документтердин этабын параллелдүү түрдө бүтүрүүгө болот. Анткени түзөтүүлөр жана өзгөртүүлөр сөзсүз болот.
Бул процесстерди бирге айкалыштырганда, чечимдерди толук карап чыгууга жана аларды толуктоого мүмкүнчүлүк болбойт. Сен чиймелерди куруучуларга тапшырасың, аларды оңдоого мүмкүн эмес жана эч кандай идеяларды артка жылдыра албайсың. Бул жаман себеби, биздин чыгармачылык дараметибизди жана эмне кылганыбызды кайра ойлонуу жөндөмүбүздү чектейт. Ал эми натыйжада эмне болушу мүмкүн экени жоголот.
— Кыргызстанда архитектура дагы сапаттуу, туруктуу, жагымдуу жана адамдар үчүн пайдалуураак болушу үчүн сиздин көз карашыңызча эмне жетишпейт?
— Менин оюмча, азыркы учурда Кыргызстандагы негизги кыйынчылыктар экологиялык маселелер жана туруктуу курулуш болуп саналат.
Урбанизациянын жогорку деңгээлинен улам жашоо сапаты бир топ төмөндөп баратат. Буга абанын сапаты, экологиянын начардыгы жана калктын жогорку жыштыгы себепчи болууда.
Мындан тышкары, шаарлардагы глобалдык температура көтөрүлүп жатат. Температура өтө жогору жана ыңгайсыз болгондо, кондиционерди колдонууга туура келет. Ал абаны ого бетер жогорулатат. Бишкекте желдетүү жетишсиз, бул чоң көйгөй болуп саналат.
Агломерацияны өнүктүрүү зарыл, анткени Бишкек баарын батыра албайт.
Ошондой эле, биз аймактардагы башка шаарларды да колдошубуз керек. Ички миграцияны азайтуу үчүн жумуш орундарын жана эс алуу жайларын сунуштаган жаңы борборлорду түзүшүбүз керек. Бул абдан маанилүү болуп саналат.


