Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет азык-түлүк коопсуздугу жаатында олуттуу мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, кылмыш иши боюнча тергөө Kav&Kev компаниясынын директору, жаран К.А.В., чет элдик жарандарды уруксатсыз, медициналык документтерсиз же иммиграциялык документтерсиз жалдаганын аныктады.
Фото УКМК басма сөз кызматы. Антисанитардык шарттар, мыйзамсыз ишчилер: Kav&Kev компаниянын директору кармалды
2025-жылдын 17-ноябрында мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, документтерди жасалмалоо, керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү боюнча кылмышка шектелип УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү иш-чаралар уланууда


