Чүй облусунун Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу ресурстары кызматынын кызматкерлери Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 86-чакырымындагы айланма жолдун эки чакырымдык бөлүгүнө миң карабак көчөтүн отургузушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Иш-чара президент Садыр Жапаров демилгелеген «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү жакшыртуу максатында уюштурулду.
«Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө, абанын сапатын жакшыртууга жана келечек муундар үчүн дени сак экосистеманы түзүүгө багытталган. Бак-дарактарды жана көчөттөрдү отургузуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдө маанилүү роль ойнойт.
Бул жакырчылыкты жоюуга, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана экосистеманы коргоого салым кошот. Жашылдандыруу долбоорлору жаратылышка жардам берүү менен бирге, экономикалык өсүшкө жана социалдык туруктуулукка дагы оң таасирин тийгизет.


