Азык-түлүк коопсуздугун жана эт азыктарына мамлекеттик бааларды жөнгө салууну камсыз кылуу максатында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ири эт сатуучуларынын өкүлдөрүнүн, анын ичинде Бишкек шаардык мэриясынын, Монополияга каршы кызматтын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жер-жерлерде жолугушууларды өткөрдү.
Атайын кызматтын маалымат борбору билдиргендей, рейд азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана эт азыктарынын бааларын мамлекеттик жөнгө салууга киргизилген талаптарды сактоо максатында жүргүзүлүүдө.
"Эт азыктарынын бааларын жасалма түрдө көтөрүүгө жол бербөө зарылдыгы жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандар мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылары өзгөчө баса белгиленди. Баалардын жасалма кымбатташына жол бербөөгө багытталган тиешелүү иш-чаралар уланууда. Эттин баасын аныктоо саясатына карата мыйзамга туура келбеген атайылап саботаж жасагандар кылмыш жообуна тартылат",- деп билдирди УКМК.
Айта кетсек, 2025-жылдын 11-августтан тартып азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, министрлер кабинети эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу тартибин киргизген. Ага ылайык эттин 1 килограммы үчүн болгон баа 690 сомдон ашпашы керек.


