Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Токмок шаарынын мэри Алтынбек Эргешов менен биргеликте шаардагы бир нече курулуш аянтчаларындагы иштердин жүрүшүн текшерди.
Министр иш сапарынын жүрүшүндө Дунларова көчөсүндөгү 27-үйдө жайгашкан эски оорукананын имаратын карап чыкты. Эскирген имараттын ордуна жаңы, заманбап имарат курулат. Долбоор даярдалып, 1939-жылы курулган оорукананы бузуу иштери башталды.
Жугуштуу оорулар бөлүмү 892,4 чарчы метр аянтта курулат, ал эми тез жардам бөлүмү 160 чарчы метр аянтты ээлейт.
Ишти министрликке караштуу «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоорго ылайык, жаңы оорукана эки бөлүмдөн туруп, дарыгерлер жана бейтаптар үчүн бардык зарыл заманбап шарттарды түзөт.
Белгилей кетүүчү нерсе, азыркы оорукананын имараты 86 жыл мурун курулган, ал эми жугуштуу оорулар бөлүмү жана кургак учук диспансери 1965-жылы курулган.


