23:36
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.12

Эскертүү! Алдамчылар Улуттук банктын атынан жеңилдетилген насыя убада кылышууда

Белгисиз адамдар Telegram мессенджерин колдонуп, кыргызстандыктарга жеңилдетилген шарттарда насыя алууга жардам берүү убадасын берип жатышат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Ишенимге кирүү үчүн Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди, тактап айтканда, Улуттук банктан алынган лицензияны көрсөтүшөт. Андан кийин алдамчылар камсыздандыруу, комиссия сыяктуу ар кандай шылтоо менен жарандарга акча которуу зарылдыгын айтышып, жасалма кредиттик келишимди жөнөтүп жатышат.

Ушуга байланыштуу Улуттук банк бул кезектеги алдамчылык схема экендигин эскертет. Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиз жана эч убакта бейтааныш адамдарга акча которбоңуз! Эгерде күмөн санасаңыз, маалыматты расмий булактардан текшериңиз", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Улуттук банк жеке адамдарды тейлебейт, эсеп ачпайт жана калкка кредит бербейт.

Эгер сиз алдамчылыктын курмандыгы болгонуңузду байкасаңыз, дароо банк картаңызды бөгөттөп, укук коргоо органдарына кайрылыңыз.

Кыргыстан Республикасынын Улуттук банкынын коомдук кабылдамасынын номери 0312610486.

Эң көп окулган жаңылыктар