13:43
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Казакстандын өкмөтү отставкага кетти

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, президент өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койду.

Анда өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин премьер-министрдин милдетин Роман Скляр аткарары айтылган. Ал 2022-жылдын январынан бери Казакстандын премьер-министринин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар