Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры мындан ары коммерциялык спектаклдерди койбойт. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине маданият борборунун директору Керим Турапов билдирди.
Ал мындан ары чет элдик артисттер ишке чакырылбастыгын белгилейт.
Эскерте кетсек, 6-мартка россиялык артисттердин катышуусундагы «Ак куулар көлү» балети өтпөй калды. Балетке кыргыз артисттери чыгуудан баш тартышкан. Алар коммерциялык спектаклдерге бекер катышарын айтышып, акча төлөп берүүнү талап кылышкан.


